Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кабыл алуу башталды. Графиги

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 1586 | 0

Бүгүн, 18-июлдан тарта 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо башталды.

ЖОЖдорго кабыл алуу беш айлампа менен өтөт: 

I туру — 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

II туру — 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

III тур — 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

IV туру — 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгер бош орундар калган болсо, 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.

Белгилей кетсек, ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Босого балл тууралуу маалымат

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылында жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун босого баллын бекиткен.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга бюджеттик жана контракттык орундар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогика багыты боюнча бюджеттик орундун босого баллы негизги тест — 115, предметтик тест — 60 болуп бекиди. Ал эми ушул багытта контракттык орундун босого баллы негизги тест — 110, предметтик тест — 60 деп чечилди.

I жана II топтогу майып жарандар үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, контракттык орундарга негизги тест -100 балл деп кабыл алынды.

Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой элеакы төлөнүүчү окутуунун бардык формасынын сынагына босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Бюджеттик орундар тууралуу маалымат

Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу көлөмү бекитилген. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, 2022-2023-окуу жылында бюджеттик билим берүү үчүн 6 миң орун каралган. Анын 4 миң 663ү педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнгөн.

Ошол эле учурда быйылкы окуу жылына кошумча 205 гранттык орун бөлүнүп, алар табигый-техникалык жана педагогикалык багыттарга бөлүштүрүлгөн.

Быйыл мурдагыдай эле жогорку окуу жайларга тапшырууда жеңилдиктерге ээ болгон жарандардын категориясы аныкталды.

Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган абитуриенттерге, майып жарандарга, 2002-жылдын 17-18-мартында болгон Аксы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүш, июндагы Ош окуяларында каза болгон жарандардын балдарына, кайрылман макамына ээ болгондорго, чет жерде жашаган этникалык кыргыздарга тиешелүү.

80 мамлекеттик билим берүү гранты мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн берилген.

Copyright © 2017 Maral FM