Биз менен байланышыңыз

Июнь айында керектөө баалары 1,5 % өстү

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 266 | 0

2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү негизинен дүң сооданын – 20,1 %га жана чекене сооданын – 3,6 %га өсүшү менен камсыз кылынды.

Өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу бардык аймакта мейманканалар жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү көбөйгөн.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү — экономикалык иштин активдешүүсү, коңшу мамлекеттердин экономикасынын өсүшү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү чектөөлөрдүн алынып салынышы менен байланыштуу.

Керектөө бааларынын индекси 109,1 %ды түздү. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2022-жылдын январь-июнь айларында 2021-жылдын январь-июнуна карата) 112,8 %ды түзсө, ал эми 2021-жылдын январь-июнь айларында 110,8 %га барабар болгон.

Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 12,5 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 11,8 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 5,1 %га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 3,8 %га жогорулаган.

Ушул жылдын июнь айында өткөн айга салыштырганда, керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 1,5 %ды түздү.

Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 2,7 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 1,9 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 0,3 %га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 1,3 %га жогорулады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM