Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда миңге чукул мектеп директору алмашат. Конкурстун жол-жобосу

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 2464 | 0

Кыргызстанда 996 мектеп директору кызматтан алынып, конкурс жарыяланат. Бул тууралуу 13-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова билдирди.

Конкурс эки этапта өтөт. Талапкерлер документтердин топтомун чогултуп, министрликтин атайын электрондук платформасына жүктөшү керек.

Документтер талапка жооп берсе, биринчи этаптан өткөнү тууралуу билдирүү келет. Экинчи этапта беш бөлүктөн (психология, педагогика, IT тармагы, менеджмент жана билим берүү тармагындагы мыйзамдан) турган тесттен өтүшөт.

Тесттен өткөн талапкердин жыйынтыгы мониторго дароо чыгып, протокол чыгарылат.

«Биз тесттин түзүмүн, суроолорун даярдап жатабыз. Июль айынын аягында министрликтин сайтына бардык керектүү нормативдик документтердин тизмеси жарыяланат. Ошондой эле талапкерлерге жеңил болушу үчүн сыноо тести уюштурулат», — деди ал.

Учурда тесттеги суроонун саны жана аны тапшыруу убактысы каралап жатат. Азырынча 1 саат 20 мүнөт деп пландалууда. Ал эми суроолордун саны 60-80дин тегерегинде болот.

12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин конкурстук негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Беш жыл иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулат. Президенттин жарлыгы

Copyright © 2017 Maral FM