Биз менен байланышыңыз

JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору алмашты

Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 388 | 0

JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору болуп Аззамбек Жээнбай уулу дайындалды. Бул тууралуу аталган биримдиктен кабарлашты.

Ассоциацияны буга чейин Фархад Пакыров жетектеген.

30 жаштагы Аззамбек Жээнбай уулу 2022-жылдын февраль айынан баштап JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Ал 2015-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. 2016-жылдан бери JIA биримдигинде менеджер кызматынан баштап, 2017-2019-жылдары Жалал-Абаддагы филиалда аткаруучу директор, кийин Ош шаарында ушундай эле кызматты 2022-жылга чейин аркалаган.

Аззамбек Жээнбай уулу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы жана кызматташкандыгы үчүн Экономика министрлигинин ыраазычылык катын алган (2020).

«Белгилей кетүүчү нерсе, соңку алты жылда Фархад Пакыровдун жетекчилиги алдында JIA бизнес ассоциациясынын өсүү динамикасы күчөгөн. Анда  жергиликтүү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо, ассоциацияны кеңейтүү жаатында орчундуу иштер жасалды. Бүгүнкү күндө ассоциациянын аймактарда сегиз филиалы бар, бардык аймактык офистерде ишкерлерди колдоо борборлору ачылган (ИКБ – ЕККУнун колдоосу менен ишке ашырылып жатат). Ошондой эле JIA Эл аралык иш берүүчүлөр уюмунда (IOE) Кыргызстандын атынан мүчө болгон жалгыз биримдик. Муну менен катар, мамлекеттик деңгээлде ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо боюнча көптөгөн иштер жасалып, масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM