Биз менен байланышыңыз

Чек талап кылуу боюнча лотереянын экинчи туру октябрда өтөт

Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 797 | 0

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи туру 1-июлда өттү, ага катышып, бирок утушка ээ болбогон билеттер жарактуу бойдон калат жана экинчи турга катыша алат. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты.

Лотереянын биринчи турунда утушка ээ болбогон катышуучулардын билеттери кийинки этабына катышуу укугун сактап калат. Салык кызматынын лотереясынын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, ККМдин кассалык чектерин сканерден өткөрүңүз.

Экинчи турга 2022-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле биринчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM