Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 179 | 0

Бүгүн, 20-июнда Беларустун Минск шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчёт каралган.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Белгилей кетсек, эртең 21-июнда Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны да өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM