Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 794 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча актады.

Ал «Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушунда мектеп курууда жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп айыпталып жаткан.

16-июнда өткөн отурумга Атамбаев тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Соттун маалыматына караганда, Атамбаев 2017-жылдын 2-февралындагы Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндөгү, 319-беренесинин 1-бөлүгүндөгү кылмыштар боюнча күнөөсүз деп табылды.

«Андан сырткары эскерте кетчү нерсе, аталган өкүм жарыяланган күндөн тарта 30 сутканын ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM