Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиянын Ички иштер министрин «Достук» ордени менен сыйлады

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 133 | 0

15-июнда Кыргызстан менен Орусиянын Ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Владимир Колокольцев жолугушту. Анда кызматташтыкты бекемдөөдөгү мындан аркы кадамдар талкууланып, эки тараптуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Анда достук мамилелерди бекемдөөгө, укук коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Владимир Колокольцевге президент Садыр Жапаровдун атынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – «Достук» ордени тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Алсак, баңгизатка каршы күрөш каралды. Эки өлкөнүн ИИМ башчылары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө каржылык жана материалдык жардам көрсөтүү программасынын биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын сүйлөшүштү.

Улан Ниязбеков жалпы багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу, бетин ачуу, тергөөдөн жана соттон качкан адамдарды издөө (кылмыш иликтөө, криминалдык полиция) тапшырмаларын аткарган ыкчам кызматтардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешмесин өткөрүүнү сунуштады.

Андан сырткары укук коргоо органдарынын башчылары мамлекеттер аралык изделип жаткан адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн видео талдоо тутумдарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM