Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө көпүрө сынып, бир жаран каза болду

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 327 | 0

Ысык-Көлдө көпүрө сынып, жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 14-июнда саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдогу үчүнчү көпүрө сынып, андан өтүп бараткан жол тейлөө ишканасынын кызматкери экскаватор унаасы менен түшүп кеткени ӨКМдин аймактык бөлүмүнө кабарланган.

Жерине саат 17:20да Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 4 куткаруучу барган. Кийин саат 19:39да Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 19 куткаруучу облустук суу чарба башкармалыгынын кранын айдатып барышкан.

Саат 20:20да унаадан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Ал 45 жаштагы жол тейлөө ишканасынын кызматкери А.М. аттуу жаран болгон.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында ак жаандан Жети-Өгүз суусу ташып, Жети-Өгүз айылындагы 3 үйдү суу басып кала, Көк-Жайыкка кеткен жолдогу төртүнчү көпүрөнү агызып кете жаздаган.

№35 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери 1 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа, 1 жүктөгүч менен барып, жээкти бекемдеп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM