Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Кыргызстан менен Тажикстан бир катар чечимдерди кабыл алды

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 484 | 0

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы эртең менен болгон атышуудан кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар чечимдерди кабыл алышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, саат 17:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады.

Тараптар болуп өткөн куралдуу ок атышуу боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды тутандыруучулар — тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтиришкен.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышкан:

  • Булак-Башы аймагындагы чек ара тозотторунун жүрүү маршруттарын тактоо;
  • окуя болгон жерге тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу пункттарына кайтаруу;
  • «Булак-Башы» (КР) жана «Кех» (ТР) чек ара заставаларынын жетекчилерин күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирилсин;
  • тараптарды мурда казылган окопторду толтурууга милдеттендирүү;
  • жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратпоо.

Жакынкы убакта эки өлкөнүн чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM