Биз менен байланышыңыз

Евразия өнүктүрүү банкы: Кыргызстандын ИДПсы 3,4% төмөндөшү мүмкүн

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 196 | 0

Евразия өнүктүрүү банкынын алдын ала божомолу боюнча, 2022-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 1,1%га чейин басаңдай турганы айтылды.

Мурунку прогнозго салыштырмалуу эсеп 3,4 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

Банктын маалыматына караганда, Орусияда экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү соода каналдары жана акча которуулар аркылуу Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет.

Алсак, инвестициялардын агымы басаңдап, суунун аз болушу айыл чарбасында жана энергетика тармагында өндүрүштү чектейт.

Ал эми акча саясатындагы шарттар инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого багытталат.

Муну менен катар банктын талдоочулары 2022-жылы экономикалык каатчылык коркунучу бар экенин белгилешет. Бул геосаясий кырдаалга байланыштуу белгисиздик позициясы менен байланыштуу болот.

Кытайдагы эпидемиологиялык абалдын начарлашы өлкөнүн тышкы соода операцияларына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Евразия өнүктүрүү банкы экономикадагы төмөндөөлөр ишке ашса айыл чарбасында жана энергетика тармагында өндүрүштүн төмөн болушу күтүлөрүн билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM