Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Кербен аэропортунун абалы менен таанышты

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 212 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапар менен барды.

Алгач Ак-Терек каналын оңдоо иштерин жеринен көрдү. Каналды аяктоо 2026-жылга белгиленген. Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолго барды. Жол салуу иштери аяктаса, жеңил жана жүк ташуучу унаалардын каттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары Кербен аэропортунун абалы менен таанышты. Аба майданын көрүп чыгып, аны быйыл ишке киргизүүгө тапшырма берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM