Биз менен байланышыңыз

Депутаттар жасалма диплом маселесин көтөрүштү

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 410 | 0

Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев төрт депутаттын диплому жасалма деп айтылганы боюнча УКМКдан маалымат берүүсүн талап кылды.

Ал тергөө жүрүп жаткан болсо, алдын ала маалымат берип, элди дүрбөлөңгө салбашы керектигин эскертти.

«Менин душмандарым, айрым адамдар Ажибаевдин диплому жасалма деп интернетке жазып чыгышыптыр. Мен өз күчүм менен 5 жыл окугам», — деди депутат.

Башкы прокуратуранын өкүлү учурда жасалма дипломдор боюнча тергөө жүрүп жатканын, азырынча фамилиялар ачыкталбай турганын билдирди.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов да мындай пикирди колдоп, диплому жасалма болгон депутаттар тууралуу ачык маалымат берүү керектигин айтты.

«Бир нече депутаттын атына интернет желеси аркылуу сөздөр айтылып жатат. Аны бүдөмүк кылбай, так маалымат бергиле, жашыра турган эч нерсе жок. Башкы прокуратура кыска убакыттын ичинде бизге маалымат бергиле», — деди спикер.

14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диплом текшерүү, жарандыгын тактоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берген. Анда Жогорку Кеңештин 4 депутатынын диплому жасалма экендиги аныкталганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM