Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 147 | 0

Жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын salyk.kg сайты аркылуу электрондук түрдө тапшырышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти. 

Себеби жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тарта салык отчётторун электрондук түрдө милдеттүү тапшырууга өтүшкөн.

Декларацияны онлайн тапшыруу үчүн salyk.kg «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу керек. Бул үчүн сайттын маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, аны басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына берүүсү жетиштүү.

«Жеке кабинетке» кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу менен декларация, отчётторду тапшырууга, ошондой эле башка онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууга болот.

1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;

– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер тилкесинин (короо-жайдан башка) менчик ээлери;

– юридикалык жакты түзбөстөн иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Copyright © 2017 Maral FM