Биз менен байланышыңыз

Антикризистик комитет түзүлдү, бирок программасы али жок…

Саясат , Экономика | 14 Мар 2022 | 753 | 0

Украинадагы кырдаалдан улам жаралып жаткан экономикалык кризис, азык-түлүктүн кескин кымбатташы элди дүрбөлөңгө салууда. Буга карата 12-мартта Министрлер кабинетинин алдында социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлдү. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Комитет азырынча кризиске каршы күрөшүү программасын жарыялай элек. Жалпылап алганда, кризиске каршы ырааттуу чара көрүлүп жатабы? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Министрлер кабинетинин алдында Антикризистик комитет түзүлдү. Анын негизги милдети социалдык-экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизген дүйнөдөгү окуяларга байланыштуу өлкөдөгү абалды жеңилдетүү үчүн ыкчам чара көрүү болуп саналат.

Экономика жана коммерция министрлигинин жоопту өкүлү Алмаз Абдраев билдиргендей, Антикризистик комитеттин программасы учурда иштелип жатат, бирок түзүлө элек. Ал эми комитетке кимдер мүчө болуп киргени боюнча буларга токтолду:

«Антикризистик комитетти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Арзыбек Кожошев орун басары болуп бекитилген. Комитеттин курамына ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Азиз Аалиев, Эдил Байсалов, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бар». 

Экономист Кубан Чороев Кыргызстан бир канча жылдан бери эле кризисте жашап келгенин, бул сапар Орусияда болгон кризис өлкөнүн валюта жана каржы рыногуна терең таасирин тийгизе турганын белгиледи.

Анын айтымында, Өкмөттүн антикризисттик комитет түзүп, экономикалык чакырыктарга ыкчам аракет көрүүгө умтулуусу абалды жеңилдетиши мүмкүн.

«Албетте, өкмөттүн кадамдары шыр эле таасир бербейт. Бирок азыркы күндө каржылык рынокко Улуттук банктын жана өкмөттүн негизги кадамдары «Кантип биз валютаны стабилдүүлүккө алып келебиз?» деген суроого жооп болушу керек. Азыр Улуттук банк валютаны кармап туруу үчүн интервенцияларды жасап жатат. Мындан тышкары коммерциялык банктарга чектөөлөрдү киргизди. Буларды да убактылуу антикризистик ыкмалар деп айтсак болот. Мен көп жылдан бери айтып келем, биздин сомду туруктуу кылуу үчүн жаңы валюталык системага өтүү керек. Доллар менен улуттук валютаны Улуттук валютанын резервдерине байлап, бир курсту кармашыбыз керек. Муну мен жакында эле өкмөт башчы Акылбек Жапаровго да сунуштадым. Бул Улуттук банктын резервдерине биздин улуттук сомду бир курска байлап коюу менен ишке ашат. Ошондо бул курс эч качан өзгөрбөйт, 5-10 болсо да. Анда биздин Кыргызстандын жарандары бул системага ынанмак да, эч кандай тынчсыздануу болмок эмес. Ишкерлерге, инвесторлорго да ыңгайлуу болмок».

11-мартта Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга нак АКШ долларын Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Улуттук банк муну өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында жасаганын түшүндүрдү.

Серепчи Нурбек Муктар өкмөт өз убагында чараларды көрүп, аракеттерди жасап жатат дейт. Анын айтымында, буга чейин «орусиялык ишкерлер Кыргызстандагы долларларды алып коёт» деген сөздөр айтылып жатса, Улуттук банк өз убагында реакция кылып, долларды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды.

«Азыр антикризистик комитет  түзүлүп, жалпылап айтканда, аракет кылып жатышат. Доллардын баасы дагы өсүп кетет деген шектер бар эле, Улуттук банк убагында сыртка чыгарууга чектөө киргизди. Бул жакшы жөрөлгө, анткени Орусияда валюта кризиси болуп жатпайбы. Биздин экономика жана бизнес көбүнчө Орусия менен байланыштуу болгондуктан, орусиялык бизнесмендер Кыргызстандан долларды кыска убакыттын ичинде эле сатып алып кетишмек. Бул өзүбүздө валюталык таңкыстыкты пайда кылмак, импорт-экспорт иштерине өзүбүздө валюта жетпей калмак. Ага кошумча сырткы карызды төлөгөнгө да маселе жарала баштамак. Мындан сырткары «дыйкандарга насыя беребиз, бюджеттен 5,5 млрд сом бөлөбүз» деп жакшы жөрөлгө баштады. Ага кошумча эле айлык акыларды көбөйтөбүз деп, элдик чыңалуунун алдын алуу чаралары көрүлүп жатат».

Саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик жана өкмөт азыркы оор абалга жеткиликтүү баа бере албай жатат деп эсептейт.

«Менин оюмча, бийликтин аналитиктери азыркы оор абалга жеткиликтүү баа бере албай жатат. «Баары жакшы», «өтүп кетебиз», «эч нерсе болбойт» деген отчётту президентке жана өкмөткө берүүдө. Мен ойлойм, баалары, анализдери туура эмес болгондуктан жеткиликтүү чара көрө албай жатышат. Апрелдин башында Орусиянын сырткы карыздарды төлөй турган убактысы келет, Орусия азырынча дефолт маалында турат. Эгерде апрелдин ичи сырткы карыздарын төлөбөй койсо, анда Орусияда дефолт башталат. Ал түздөн-түз мигранттар аркылуу, экономиканын бир-бирине интеграцияланышы аркылуу, ЕАЭБ аркылуу, күйүүчү май, баалар аркылуу бизге да таасир этип, толкуну май же июнь айында келиши мүмкүн. Анда биз аябагандай оор экономикалык-социалдык абалга дуушар болобуз».

Ал ортодо Улуттук банк орус рублинин кыргыз сомуна карата курсун аныктоонун жаңы эрежесин кабыл алды. Мындай чечим ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын алып кайра сатуу операцияларынын болушуна жол бербөө максатын көздөйт.

Ага ылайык, сом менен рублдин курсу кросс-курс аркылуу аныкталат. Тагыраагы, эки валютанын катышы үчүнчү валюта аркылуу чечилет. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары «Блумберг» жана «Рейтерс» маалымат агенттиктеринен ала турган болду. Бул токтом бүгүн, 14-марттан тарта күчүнө кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин орус рублинин сомго карата расмий курсу Москва банктар аралык валюта биржасынан алынган кросс-курс боюнча эсептелип келген.

Copyright © 2017 Maral FM