Биз менен байланышыңыз

Баткендин губернатору ысырапкерчиликке каршы эрежеге баш ийүүгө чакырды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 470 | 0

10-мартта Баткен шаарында президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, айылдык кеңештин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары ошондой эле район-шаарлардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана айыл аксакалдары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Абдикарим Алимбаев жарлык баарына бирдей иштей турганын белгилеп, эрежеге баш ийүүгө чакырды.

Аны менен бирге Алимбаев жарлыкты ишке ашыруу максатында шаар, район, айылдарда тиешелүү кызматкерлер айыл аксакалдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жума намаздарында айыл башчылары, дин өкүлдөрү менен ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча толук маалымат жеткирүү талабын койду.

Жыйында айтылган сунуштар суроо-жооп иретинде талкууланды.

Жыйынтыгында той-мааракелерде жана тажияда ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча атайын жобо иштелип чыкмай болду.

Нооруз майрамына карата Баткенде бир тонна сүмөлөк кайнатылат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM