Биз менен байланышыңыз

Нооруз майрамына карата Баткенде бир тонна сүмөлөк кайнатылат

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 527 | 0

Быйылкы Нооруз майрамы Баткен облусунда республикалык деңгээлде өтөт. Баткен шаарынын Борбордук стадионунда өтө турган салтанатка президент Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Мурзаева билдиргендей, Нооруздун урматына 1 тонна сүмөлөк кайнатылат.

Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан 16 млн сом бөлүү каралып жатат.

Облуста 15-марттан тарта маданий жумалык жарыяланат. Ага борбордон жана аймактардан эл артисттери, маначылар, дастанчылар жана башка маданият өкүлдөрү барат.

Жергиликтүү калктын жан дүйнөсүн байытуу максатында аймактагы бардык окуу жайларда, мекемелерде, мектептерде атайын чыгармачылык кечелер, жолугушуулар уюштурулат.

Баткендин губернатору ысырапкерчиликке каршы эрежеге баш ийүүгө чакырды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM