Биз менен байланышыңыз

Парламент Кыргызстан менен «Центерранын» ортосундагы дооматтар боюнча маалымат угууда

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 186 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы дооматтарды жөнгө салуунун шарттары боюнча маалыматты жабык эшик артында угуп жатышат.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому аркылуу жактырылган кыргыз тарап менен канадалык компания «Центерра Голд Инктин» ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндөгү маселе каралууда.

Өткөн жылдын декабрь айында «Кумтөр» алтын кени боюнча бир канча жолу эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн.

Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышкан. Ал эми экинчи тараптан «Центерра Голддун» президенти жана башкы директору Скотт Перри келген.

Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашкан эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM