Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн алдына Мадумаровдун тарапташтары чогулууда (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 270 | 0

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары чогулушууда.

Алардын айтымында, Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган комиссия ишин жыйынтыктаган. Бүгүн аталган депутаттык комиссия кортундусун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгышы мүмкүн экенин айтышып, Мадумаровго колдоо көрсөтүү максатында чыгышкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, депутаттык комиссия Башкы прокурордун сунушуна макулдук берүүдөн баш тарткан. Корутунду парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, андан соң добуш берүү менен чечим кабыл алынат.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууну Башкы прокурор Курманкул Зулушев сунуштаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз тарап Тажикстандан 5 гектар, узундугу 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган протоколго кол койгон. Кыргызстан бул аймак тактала электигин билдирип келет.

Ишти иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага депутаттар Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов кирген.

Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынган.

3-мартта депутаттар Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын жабык эшик артында угушту. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровго козголгон «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөргөнүн маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM