Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткага карата коронавирус 16 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 201 | 0

Кыргызстанда 6-мартка карата коронавирус 16 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 11, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 46 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда коронавирустан 150 бейтап, үй шартында 293 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 631 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 646 киши айыгып чыкса, 2 миң 965 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM