Биз менен байланышыңыз

Президент дыйкандарды алынган насыяларды туура пайдаланууга чакырды

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 548 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда социалдык тармак аркылуу фермерлерге жана дыйкандарга кайрылып, мамлекет дыйкандарга болушунча кол кабыш кылып, арзан насыя берип баштаганын билдирди.

Президенттин билдирүүсүнө ылайык, айыл чарба багытында жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөн.

«Жакындан бери 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала баштадыңыздар. Бул насыяларды «Айыл банк», «РСК банк» жана «Керемет банк» өкмөттүк банктары аркылуу берип жатабыз. Жалпысынан айыл чарба багытына арнап, жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун ичинде 1,5 миллиард сому үрөн сатып алууга, 1 миллиард сому ирригация тутумун жакшыртууга, калганы дыйкандар менен фермерлерге 3 жылдык мөөнөткө насыя берүү үчүн каралды», — деп айтылат маалыматта.

Быйыл жалпысынан 16 миң тонна жогорку сапаттагы үрөн сатып алынды. Бул үрөндөр мурда карызы бары-жогуна карабастан, дыйкандарга 4,5 %дык үстөгү менен 2 жылдык мөөнөткө берилет.

Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүлөт.

«Биринчи кезекте, элдин курсагы тоюшу керек жана тамак-аш коопсуздугу камсыз болушу керек. Алган түшүмүңөр сатылбай калбайт. Өкмөт тараптан ар тараптуу жардам берилет», — деп кошумчалады президент.

Copyright © 2017 Maral FM