Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин ишеним телефону түзүлдү

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 233 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандарына, тактап айтканда, аялдарга жана жаш балдарга зарыл болгон укуктук, консулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү максатында элчинин ишеним телефонун түздү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Орусиядагы жарандар элчинин төмөнкү ишеним телефону аркылуу күнү-түнү байланыша алышат:  +7 (996) 665 – 76 – 88. Ушул эле номер аркылуу WhatsApp билдирүүлөр да кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM