Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров дарыгерлер менен баарлашты (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 1604 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурунку Республикалык диагностикалык борборго барды.

Мамлекет башчысы имаратты көрүп, эмгек жамаат менен баарлашты. Мекемедеги кырдаал боюнча пикирлерди угуп, суроолорго жооп берди.

Дарыгерлер кайра түзүү процессин токтотууну суранып, ага ылайык мекеме иш жүзүндө борбордогу балдар ооруканаларынын биринин филиалына айланарын билдиришти. Ошондой эле коммуналдык төлөмдөр, эскирген жабдуулар жана башка көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.

Президент Садыр Жапаров баарлашуунун жүрүшүндө анын бүгүнкү сапарынын максаты диагностикалык борбордун иши менен таанышуу жана аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.

Жамааттын пикирин эске алуу менен Жапаров Президенттин администрациясына мекеменин иштөө багытын сактоо аркылуу «улуттук» макамын берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM