Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Мадумаровдун протокол чыры боюнча менде юридикалык маалымат жок

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 5778 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча менде эч кандай юридикалык маалымат жок. Себеби, ал иштин баарын Башкы прокуратура тергеп жатат. Ошондуктан иштин жагдайлары, анын толуктоолору, иш- аракеттердин баары ошол иштин ичинде болот. Буга байланыштуу мен эч кандай пикир айта албайм. Ал кылмыш Башкы прокуратурада тергелип, жакын арада бүтөт деген ойдомун.

Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча беш жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM