Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 1669 | 0

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.

Белгилесек, аталган жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Copyright © 2017 Maral FM