Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Ворух анклавын алмашканга даярбыз (видео)

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 6755 | 0

Тажикстан менен чек араны тактоодогу негизги маселе Ворух анклавы болуп жатат. Бул боюнча Кыргызстан кошуна өлкөгө 2 сунуш берди. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде айтты.

— Анклавдын аянтын ченеп чыгып, толугу менен такталат. Анклав мындан ары кеңейбейт. Бирок аларга өзүбүздүн жерибизден пайдалануу үчүн гана жер берип турабыз. Экинчиси, биз Ворух анклавын алмашканга даярбыз. 12 миң 300 гектар жерди бизге берсе, анын ордуна Лейлек жана Баткен райондорунан жер берүүгө макулбуз. Кыргызстан кайсы жерлерди бере ала турганын да аларга кабарлап койдук. Бирок азырынча Тажикстан тараптан бизге жооп келе элек, — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Ворух Тажикстандын Кыргызстанда жайгашкан эксклавы болуп саналат. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдары менен чектеш жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуу көбүнчө ушул аймактан чыгып келет.

Ташиев: Кыргыз-өзбек анклавдары боюнча маселе жок

Copyright © 2017 Maral FM