Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 4 млрд сом түштү

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 728 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд сом чогултту. Бул тууралуу басма сөз жыйында төрага Камчыбек Ташиев кабарлады.

Анын айтымында, күн сайын мамлекеттик бюджетке мыйзамсыз байыгандардан акча түшүп жатат.

«Кечээ мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган депутат Марат Аманкулов бир бөлүгүн берди. Жакында канча айып төлөгөнүн жарыялайбыз. Ошондой эле бир сот 70 млн сом төлөдү. Мындан сырткары Бабанов да бюджетке 100 млн сом которду» , — деди Ташиев.

Ошондой эле ал коррупционерлерден түшкөн акчалардын тыйынына чейин бюджетке которулуп жатканын кошумчалды.

Copyright © 2017 Maral FM