Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага кайра чакырылды

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 599 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада бүгүн саат 9:30дан тарта сурак берип жатат. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу «Маралга» билдирди.

Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча тергөө бөлүмүнө ушуну менен үчүнчү жолу келди.

Айтылган жагдай боюнча «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Исхак Масалиев да сурак берүүнү өзү өтүнгөн, бирок ал азырынча чакырыла элек.

Учурда саясатчынын 50дөй тарапташы тергөө имаратынын алдына чогулуп турушат.

Эске салсак, Адахан Мадумаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

Жапаров чек ара боюнча Мадумаровду айыптады (видео)

Copyright © 2017 Maral FM