Биз менен байланышыңыз

Жапаров чек ара боюнча Мадумаровду айыптады (видео)

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 1848 | 0

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроолорго жооп берди. Президентке «эмне үчүн чек ара маселесин ушул кезге чейин чечпей отурасыз, дагы канча жаран өлүшү керек?» деген суроо берилди.

Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айтып, кайсы маселелер бар экенин ачыктады.

«Мен чек ара маселесин бүгүн отуруп чечип коюуга даярмын, бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук эмес экен. Ооба, Тажикстан менен болгон кагылышууда 36 жаран каза болуп калды. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе экен. Биз Өзбекстан менен чек араларыбызды такташып келе жатканбыз. Ал бүткөндөн кийин Тажикстанга өтөлү дегенбиз, ага чейин мен Тажикстанга байланыштуу документтерди карай элек элем. Май айында УКМКдан эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кагаздарын алдырттым. Ал жерде үч талаштуу маселе бар экен — ал: Төрт-Көчө, Ворухка кеткен жол жана Лейлектеги участок»,-деди президент.

Жапаровдун айтымында, Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол Кыргызстан үчүн пайдалуу болгон эмес жана тоскоолдук жаратып жатат.

«Ал мындай кол коюптур, 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм деп протоколго кол коюптур да, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ижарага алгансыңар деп жатышат, 12 жылы өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз, же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз деп жатат. Мен айтып жатам, ал кезде Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес. Эч ким аны ыйгарым укук берип жиберген эмес деп айттым. Бул протокол юридикалык жактан жарабайт деп айтып жатам. Бул — юридикалык документ эмес», — деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров ушул сыяктуу жагдайлардан улам кыргыз-тажик чек арасындагы маселе чечилбей жатканын, ал үчүн убакыт керек экенин айтты.

Быйыл 28-30-апрелде чыккан чыр-чатактын кесепетинен 36 жаран көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак жайы  өрттөнүп, 250дөн ашуун үй-бүлө талап-тоноого дуушар болгон. Мындан сырткары жашоочулар жаңжал учурунда укук белгилөөчү жана башка документтерди жоготушкан.

Саясатчы Адахан Мадумаров 2019-жылы «Маралга» берген маегинде сөз болуп жаткан протокол 100 пайыз туура болгонун айткан.

— Бул протокол 100 пайыз туура болгон. Негизи протокол деген үмүт. «Ушундай ишке андан ары кетели» дегендик. Эгемен кыргыз жолу курулуп келди, анан Көк-Ташка келгенде токтоп калды. Биз жолду улантышыбыз керекпи, же токтотушубуз керекпи? Эки жолу бар: согушушубуз керек же делимитация, демаркация маселеси чечилгенге чейин биз алардын «бизде» деп жаткан жолун алабыз. Бизде деп жаткан жерден алар ток алып өтөт. Эгерде Жогорку Кеңеш күчтүү, сабаттуу болуп, шартты аткарбагандыгы үчүн Мадумаровдун кол койгон протоколун жокко чыгарып койсо болот», — деп айткан Мадумаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM