Биз менен байланышыңыз

Президент Аскар Акаевдин макамын кайтаруу өтүнүчү боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 253 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүүнү өтүнгөнү жөнүндө комментарий берди.

Ал ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу экенин айтты.

Акаевге экс-президент макамын кайтарып-кайтарбоону Жогорку Кеңеш чечерин кошумчалады.

«Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети» , — деди президент.

Эгер Аскар Акаевге макамы кайтарылса башка президенттер да экс-президент макамын кайтарууну талап кылышпайбы деген суроого, Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турарын айтты.

«Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес. Албетте Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек.

Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм. Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да. Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт.

Аскар Акаев 80 жашка чыкты. Өсөрү калган жок, өлөрү калды дейт эмеспи. Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн эркин жүрбөйбү» , — деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кат жибергени 5-сентябрда маалым болгон.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Чолпон Султанбекова:

«Катты эртең менен эле алдым. Сессия башталып калгандыктан жакшыраак карай да элекмин. Эми мен аны фракцияларга таратып берем. Фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе күн тартибине чыгабы же чыкпайбы анан белгилүү болот. Балким күн тартибине чыкпашы да мүмкүн. Азырынча бир нерсе деп айтууга эрте» , — деп билдирген.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Ал 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM