Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 17-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7.