Биз менен байланышыңыз

Александр Волкодав «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 237 | 0

Бүгүн, 15-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту.

Министр Александр Волкодавга «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жана министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.

Баарлашуу учурунда Александр мындан ары Орусияда гастролдордо болорун, келишимге ылайык, иш графиги тыгыз экенин маалымдады. Бирок Кыргызстан менен байланышта боло турганын билдирди.

Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү болду (видео)

32 жаштагы Александр Волкодав Орусиянын «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Ал долбоордун бардык этаптарын ийгиликтүү өтүп, финалга чыккан. 2021-жылдын 30-декабрында музыкант долбоордун жеңүүчүсү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM