Кыргызстандык Александр Волкодав Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлгөн «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү болду.
Волкодав насаатчысы Пелагея экөө Arcade ырын дует аткарып беришти.
Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Волкодав 53,3% добуш алып, долбоордун жеңүүчүсү болду.
29-декабрда өткөн финалга Кыргызстандан Александр Волкодав, Казакстандан Алишер Каримов менен Ернар Садирбаев, Орусиядан Элина Пан катышты.
Буга чейин Александр Волкодав «Марал» радиосунун «Желе шоу» программасында конокто болуп, кыргыз тилинде бир катар чыгармаларды аткарган.