Биз менен байланышыңыз

Депутат Адахан Мадумаров сурак берип чыкты

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 1141 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Мадумаров  кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча суралды. Ал дагы суракка чакырыларын журналисттерге айтты.

«Эрте менен чыксам 10го жакын күч кызматкери жабалактап туруптур. Азыр бир эле мага эмес, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын бардык мүчөлөрүнө кысым. Орозайым Нарматова да суракка чакырылды, кайра-кайра чакырышты. Кечээ парламенттин жыйыны саат 23:00дө аяктады, бөлмөнүн сыртында эки күч кызматкери чакыруу кагазы менен турушуптур, эмне болду десем, суракка чакырып келишкенин айтышты», — деди Мадумаров.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 23-октябрындагы маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроолорго жооп берип жатып, Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айткан. Ал буга Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы болгон Адахан Мадумаров кол койгон протокол тоскоол болуп жатканын билдирген.

Жапаров чек ара боюнча Мадумаровду айыптады (видео)

14-январда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине күбө катары суракка чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM