Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Кайра шайлоого 20 талапкер катышуу ниетин билдирди

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 244 | 0

27-февралында өтүүчү № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 20 талапкерден билдирме түштү.

№ 27 Биринчи май округу боюнча талапкерлер:

— Сартаев Анвар Айдарович;

— Токтакунов Нурбек Акбарович;

— Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

— Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;

— Аматов Рысбай Аматович;

— Акылбеков Русланбек Акылбекович;

— Гапаров Адылбек Абдикаримович;

— Момбеков Рыскелди Чыныбекович.

№ 29 Свердлов округу боюнча талапкерлер:

— Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

— Жолдошова Назгүл Амантуровна;

— Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

— Алмамбетова Гуля Идиновна;

— Бейшенбаев Эдил Нурбекович;

— Султанбеков Муратбек Кенешбекович;

— Атазов Шайлообек Карыбекович;

-Карамушкина Ирина Юрьевна;

-Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;

-Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

-Алканова Элнура Сайдиракмановна;

-Бакиров Бакыт Жеентаевич.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо ушул жылдын 27-февралына дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM