Бүгүн, 27-декабрда саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады.
Жээнбеков видео кайрылуу жасап, жаңы күчүнө кирген кодекстин негизинде эркиндикке чыкканын билдирди.
Жактоочу Замир Жоошев 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узартпаганын билдирген. Мындай чечим жаңы күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.
«Соттун мындай чечимине Равшан Жээнбековдун бир жылдан ашык абакта отурганы, айыпталуучулардын айрымдары бир жылдан ашык убакыт үй камагында болгону себеп болгон. Жаңы Жазык-процесстик кодекс бул бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн 1 жылдан ашык узартууга тыюу салат», — деп билдирген жактоочу.
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталып, август айында экинчи жолу камакка алынган. Ал быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон.