Биз менен байланышыңыз

Президент: Бюджеттик мекемеде иштегендердин айлыгы көбөйтүлөт

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 803 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун жашоочулары  менен жолугушту.

Ал айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү жана ишкерлер менен фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча чаралар тууралуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

2022-жылдын 1-январынан тарта дыйкандар сугат, айдоо жана жайыт жерлерине салык төлөбөйт.

Эми салык республикалык бюджеттен төлөнөт. Мындан тышкары келерки жылы дыйкандарга 6% менен насыя берилет.

«Жаңы жылдан баштап дыйкандарга, фермерлерге бөлүнгөн ар бир тыйын сиздерге жетет. Биз кепилдик беребиз. Мыйзам бузууга жол берген адам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен тиешелүү жазасын алат», — деп ишендирди Садыр Жапаров.

«Мегаком» мамлекеттик ишканасынын таза кирешеси 1,5 млрд сомго жеткен. Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы мурда чыгаша менен иштесе, азыр таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түзөт.

Ушундай эле абал «Кыргыз петролеум компани» ЖАКтын ишмердигинде болгон. Алсак, 2020-жылы завод 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, быйыл ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү.

Мындан тышкары, келерки жылы айлык, пенсия, жөлөк пулду жогорулатуу пландары бар экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM