Connect with us

Президент «Кыргыз петролеум компанинин» ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 627 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ишканасынын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компанинин» ишмердүүлүгү менен таанышты.

Учурда ишкана долбоорлоо, модернизациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны чыгарууга өтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чараларды көрүп жатат. Модернизациялоонун натыйжасында заводдун продукциясынын түрү бир кыйла кеңейет.

Завод 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, үстүбүздөгү жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн.

Мамлекет башчысы мунай иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо жана чыгарылган өнүмдүн сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ишкананы иштетүү жана модернизациялоо боюнча маселелерди өз убагында чечүүнү тапшырды. Ошондой эле ал бул үчүн мамлекет керектүү каражатты табаарын билдирди.

Андан соң президент өндүрүштүк бөлүмдүн иш процесси менен таанышып, ошондой эле ишкананын кызматкерлери менен баарлашып жана алардын иштөө шарттарына кызыкты.

Copyright © 2017 Maral FM