Биз менен байланышыңыз

Таксисттер да милдеттүү түрдө лицензия ала башташат

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 884 | 0

Кыргызстанда таксисттер да лицензия алууга милдеттүү болушат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында кабарлады.

Жакында эле ИИМге президенттин жарлыгы менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия берүү функциялары өткөрүлүп берилген.

Таксисттер буга чейин ыктыярдуу патенттин негизинде иштеп келишкен. Салык кызматы патент бергенде жүк ташуучулар эч кандай милдеттенме албайт, ал эми лицензияга өтүүдө ташуучулардын жоопкерчилиги каралып, мамлекеттик көзөмөл киргизилет.

Ушул тапта лицензиялык эрежелер иштелип чыгууда, ал Министрлер кабинетинин чечими менен бекитилет.

«Биз жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерди лицензиялоону киргизүүнү пландап жатабыз. Өлкөдө ири автоунаа кырсыктары эл аралык жана республикалык маанидеги автомобиль жолдорунда болот. Көптөгөн таксисттердин айдоочулук күбөлүгү жок жүргүнчүлөрдү ташыйт. Лицензияны киргизүү менен жүк ташуучулардын жоопкерчилиги жогорулап, мамлекеттик көзөмөл пайда болот. Биз лицензиялык эрежелерди иштеп чыгуудабыз, ал министрлер кабинетинин чечими менен бекитилет», — деди Ыманалы Саркулов.

8-декабрда президент Садыр Жапаров «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, Ички иштер министрлигине:

– транспорт каражаттарын, айдоочулар курамын каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү функциялары өткөрүлөт;

– автомектептердин ишин лицензиялоо функциясы да ИИМге өткөрүлөт;

– жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо киргизилип, бул милдет да ИИМге жүктөлгөн.

Таксисттер лицензия маселеси боюнча 0312 63 09 00 ишеним телефонуна кайрылса болот.

Copyright © 2017 Maral FM