Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыктарын азайтуу: ИИМге мурдагы милдеттери кайтарылды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 6333 | 0

Президент Садыр Жапаров «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жалгыз жооптуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

– транспорт каражаттарын, айдоочулар курамын каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү функциялары Ички иштер министрлигине өткөрүлөт;

– автомектептердин ишин лицензиялоо функциясы да ИИМге өткөрүлөт;

– жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо киргизилип, бул милдет да ИИМге жүктөлөт;

– Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаттык санын көбөйтүү, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу тапшырылды;

– «Унаа» мамлекеттик мекемеси Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлөт;

— Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрү ИИМдин карамагына өткөрүлөт.

Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдан тарта республиканын аймагында 73 миң 851 жол кырсыгы катталган. Анда 11 миңден ашык адам каза болгон.

Жол кырсыктарынын жалпы санынын ичинен балдардын катышуусу менен болгону 16 миң 312 учурду түзөт, анда 18 миң 483 бала жаракат алган жана 1306 бала каза болгон.

Айдоочулардын күнөөсү боюнча 61 миң 694 кырсык болгон, анда 10 миңден ашык адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM