Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым райондорунда 5 күн газ берүү токтотулат

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 199 | 0

6-декабрдан 10-декабрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондоруна газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул убакытта Бишкектеги Курманалиев, 23 дарегинде жайгашкан жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштери жүргүзүлөт.

Төмөнкү райондордо газ өчүрүлөт:

— Красный Строитель, Керамическая конуштарынын аймагында, Красный Строитель конушундагы от казанда, Элебесов, 211 дарегиндеги Кургак учук ооруканасында;

— Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү айлампа жолдо, Курманалиев, Зеленая, Завод, Кыргыз, Нурек көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

— Элебесов көчөсүндө Коллективная, Аул, Новосельская, Кичи Чүй каналынын кесилишкен аймагында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM