Биз менен байланышыңыз

5-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 211 | 0

Эртең, 5-декабрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

Бишкекте 5-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM