Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев Москвада космикалык байланыш боюнча форумга катышты

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 138 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шарында өткөн Евразиялык экономикалык кеңештин ишкер форумуна катышты.

Иш-чарага Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, космостук ишмерлик боюнча «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Дмитрий Рогозин жана башкалара катышты.

Анда Арзыбек Кожошев дүйнөлүк космостун потенциалын элдин жана коомчулуктун бакубаттуулугу үчүн пайдалануу боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Атап айтканда, ал совет мезгилиндеги космосту тынч өздөштүрүү жана өнүктүрүүгө, өлкө аймагында космонавттардын машыгуусун жана даярдыгын өткөрүүгө байланыштуу долбоорлорго Кыргызстандын катышуусу тууралуу айтып берди.

Айрыкча кыргызстандык космонавт Салижан Шариповдун сиңирген эмгегин, космостук программаны ишке ашыруудагы жеке салымын белгиледи.

“Биздин өлкөбүздүн географиялык абалынын жана климатынын өзгөчөлүктөрү космонавттарга бийик тоолуу жана жагымдуу абада машыгууга мүмкүндүк берет”, — деди Кожошев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM