Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 153 | 0

Бүгүн, 4-декабрда саат 16:00дө СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу белгилент.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Эстебес Турсуналиев — 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Ал 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.

Төкмөлүк өнөрдү, айтыш салтын өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн бир нече өлкөдө да көрсөтө алган.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүн төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, «Акындын үнү», «Айтыштар», «Заман жарчысы», «Эскерүүлөр», «Ыр өмүрүм», «Кайыңды» аттуу китептерин чыгарган.

Ага Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наам ыйгарылган.

Эстебес Турсуналиев 2005-жылы 11-октябрда оорудан улам 74 жаш курагында дүйнө салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM