Биз менен байланышыңыз

Мамбетжунушова: Кытайдан күнүнө 60 жүк ташуучу унаа өтүп жатат

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 1428 | 0

Кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган унаалардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай чек арасынан күнүнө 60ка жакын жүк ташуучу унаа өтүп жатат.

«Мурда бир күндө орто эсеп менен 30 унаа кирчү эле, азыр болсо ал эки эсе көйбөйүп, 57-60 жүк ташуучу унаа өтүп жатат. Ноябрь айында Финансы министрлиги бекитип берген божомолду 100%га аткардык. Кыргыз-казак чек арасында деле орчундуу маселе жок, жүктөр тариздөөдөн өтүп жатат», — деди Мамбетжунушова.

Эске салсак, буга чейин 28-ноябрда кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган унаалардын саны 1-ноябрдан баштап 100гө чейин жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Маралга» билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM