Биз менен байланышыңыз

Парламентте Жээнбеков, Зулпукаровду жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 377 | 0

Эртең, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Анда депутаттар камактагы Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана экс-депутат Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартуу маселеси карашат.

Күн тартибиндеги маселелердин тизмесине депутаттык комиссия түзүү киргизилген.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле Бактыбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM