Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров ИИМдин шайлоодогу иши менен таанышты

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 313 | 0

Бүгүн, 28-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине келип, шайлоо учурундагы ички иштер органдарынын ишин байкоого алды. Акылбек Жапаров ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана ага жараша чечимдерди кабыл алуу кырдаалдык борборун жана басма сөз кызматын көрүп чыкты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Акылбек Жапаровго жүргүзүлүп жаткан иштердин комплекстүү багыттары менен тааныштырды.

Акылбек Жапаров ИИМдин кырдаалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түз байланышка чыгуу менен борборубузда жана аймактарда шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жатканын байкоого алып, облустардагы мамлекеттик администрациялардын шайлоо боюнча жүргүзгөн ишине да көз салып, шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле админресурс пайдаланууга бөгөт коюу негизги тапшырмалардын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле Акылбек Жапаров ИИМдин кызматкерлерине шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартиптин бекем сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров ИИМдин Басма сөз кызматынын иши менен да жакындан таанышып, коомдук тартипти сактоодо, кылмыш менен күрөшүүдө басма сөз кызматынын орду чоң экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM