Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү кармалды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 847 | 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген Санжар Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу 28-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү 26-ноябрда кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык айыпталууда.

27-ноябрда Биринчи май райондук соту Сапарбековду 2022-жылдын 26-январына чейин камоо чечимин чыгарган.

Медет Садыркулов Кыргызстан Салык кызматынын, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген. Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин учурунда президенттик администрацияны жетектеген.

2000-2005-жылдары Кыргызстандын Ирандагы элчиси кызматын аркалаган.

2009-жылы март айында мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү ачык маалыматтарда айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM