Биз менен байланышыңыз

Баткенде 1200 милиция коопсуздукту көзөмөлдөөдө

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 163 | 0

Баткен облусунун аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү 1200гө жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактоодо. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна, мыйзамдын сакталышына, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана мыйзамсыз  иштерге ыкчам бөгөт коюу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн кызматкерлер, ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге иштеп жатат.

COVID-19 илдетинин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежесин сактоо менен добуш берүү үчүн бет кап, кол кап кийип кирүүнү эскертишүүдө.

Азыркы сааттарга укук бузуу фактылары аныкталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM