Улуттук тарых музейи санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 30-ноябрда иштебейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Беш жылдан бери жабык турган Тарых музейи 19-ноябрда расмий ачылды.
Музейге 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин кирүү акысыз, андан кийин акылуу кызмат көрсөтүлөт.